География:ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 5,3 км2. Каравшин суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4930 м, этеги 3480 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3888 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Фирн облусу кырка тоонун дого сымал ийилген кыры м-н чектелген жазы төрдө жатат. Мөңгүдөн Орточачма суусунун (Каравшиндин сол куймасы) башаты – Дүкөнөк суусу башталат.