География:ДУГОВ МӨҢГҮСҮ
ДУГОВ МӨҢГҮСҮ – Коллектор кырка тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,5 км, аянты 4,5 км2. Исфайрамсай ж-а Шаймерден сууларынын алаптарын бөлүп турган тармагынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. 1935–73-ж. жылына 25–70 мге тартылган; кийин тартылуу басаңдаган. Мөңгүдөн агып чыккан суу Арчаконушка (Исфайрамсайдын оң курамы Сүрмөташтын алабында) оң тараптан куят.