География:«ВОКРУГ СВЕТА» МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВОКРУГ СВЕТА» МӨҢГҮСҮ – Талас Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 6,8 км2 Талас д-нын сол куймасы Үрмаралдын алабында жайгашкан. Үрмарал мөңгүсүн аскалуу бийик сеңир бөлүп турат. Жалпы экспозициясы түндүккө багытталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4110 м, этеги 3180 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3650 м. Абляция облусунун аянты 2,9 км2. Мөңгүдөн Армарал суусунун оң салаасы башталып, Үрмаралдын оң курамы–Табылгытыга куят.