География:БОРДУТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРДУТӨР МӨҢГҮСҮ Көөлүү кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 5,6 км, аянты 5,7 км2. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Көөлү суусунун оң куймасы Бордутөрдүн алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөңгүнүн «тили» түн.-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөңгүнүн этеги м-н төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 м. Кийинки 50 жылда мөңгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөңгүдөн Борду суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оң тараптан куят.