География:БАШНУРА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШНУРА МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун эң чыгыш бөлүгүндөгү татаалөрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 13,8 км, аянты 54,2 км2, абляция облусунун аянты 20,3 км2. Көлөмү 4,74 км3. Чыгыш Кызылсуунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн ба шы деңиз деңг. 6340 м, этеги 3690 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Фирн облусу Чоң Алай кырка тоосунун Чыгыш Таңы (6346 м) ж-а Эркечтам (5820 м) чокуларынын ортосундагы түн. капталды ээлейт. Этегинин эни 3 км. Мөңгүдөн агып чыккан суу этек моренанын топтолушуна шарт түзбөйт. Азыр мөңгү чегинүүдө. Андан Кызылсуунун оң куймасы Нура суусу башталат.