География:БАТЫШ БОРДУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ БОРДУ МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түш. капталында. Уз. 6,7 км, аянты 7,1 км2, көлөмү 1,52 км3. Абляция облусунун аянты 3,3 км2. Үчкөлдүн негизги курамы Сарычат суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5280 км, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Тескей Алатоонун эң бийик чокусу Караколдун түш.-батыш капталынан башталат. Жанаша жаткан үч цирктен куралат. Этеги морена м-н капталган. Мөңгүдөн агып чыккан суу Сарычатка сол тараптан куят.