География:АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 3,4 км2. Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4140 м, этеги 3370 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3790 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. «Тилинин» этегин мореналар жаап (3370 мге чейин) жатат. Мөңгүдөн Ашуутөр суусу (Аламүдүндүн башы) башталат.