География:АРЧАБАШЫ МӨҢГҮСҮ
АРЧАБАШЫ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 12,3 км, аянты 25,4 км2. Абляция облусунун аянты 9,1 км2. А. м. Кожашкан суусунун төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3100 м. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Мөңгүдөн Арчабашы суусу башталып, Сохтун оң курамы–Кожашканга куят.