География:АЛЬПИНИСТТЕР (ЧОҢТӨР) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬПИНИСТТЕР (ЧОҢТӨР) МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 4,4 км2. Сокулук суусунун төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4190 м, этеги 3100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3540 м. Абляция облусунун аянты 3,4 км2. Мөңгүнүн 13%не чейин морена материалдары жаап жатат. Мөңгүдөн Сокулук суусунун жогорку агымы Чоңтөр суусу башталат.