География:АЛТЫНТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫНТӨР МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 3,4 км2. Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4240 м, этеги 3140 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Этек мореналар даана байкалат (жалчалардын бийикт. 5 м). Мөңгүдөн Алтынтөр суусу башталып, Аламүдүнгө оң тараптан куят.