География:АКСАЙ МӨҢГҮЛӨРҮ
АКСАЙ МӨҢГҮЛӨРҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. тармагы – Аюутөрдүн батыш капталындагы жанаша жаткан 2 мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш А. м.). Аларча суусунун алабынан орун алган. Өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Чыгыш Аксай мөңгүсүнүн уз. 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз. деңг. 4870 м, этеги 3220 м, бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Батыш Аксай мөңгүсүнүн уз. 6,4 км, аянты 4,4 км2. Деңиз деңг. эң бийик жаткан жери 4840 м, этеги 3220 м. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Азыркы кезде мөңгүлөр акырындап чегинүүдө. Этек морен ала ры дан аа бай калат. Алард ан Аксай суусу башталып, Аларчага оң тараптан куят.