География:АЙЛАНМА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНМА МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөнгү. Уз. 4,2 км, аянты 6,8 км2. Кенен төрдүн алкымынан башталып, андан чыга бергенде тик эңкейиштейт. Ортоңку морена «тилин» эки салаага бөлөт. Ортоңку морена ка тма ры музд у тез эрүүд өн са ктап тургандыктан, анын астындагы мөңгүнүн бөлүгү калган бөлү гүнө караганда бир топ бийик болуп турат. 1955–57-ж. мөңгүгө фототеодолиттик съемка жүргүзүлүп, анын ири масштабда гы картасы түзүлгөн. Эл аралык геофиз. жылы (1957–58-ж.) мезгилинде муздун үстүнкү бетинин абалына байкоо жүргүзүлгөн; кыймылынын ылдамдыгы жылына 15 мге жетет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4510 м, этеги 3150 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн агып чыккан Айланма суусу Кашкатөргө (Чоң Кызылсуунун оң куймасы) куят.