География:АДЫГИНЕ МӨҢГҮСҮ
АДЫГИНЕ МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 4,3 км2. Аларча суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4240 м, этеги 3620 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3910 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Этек мореналардын («төөкарындардын») жатышы азыркы мезгилде мөңгүнүн тартылып бара жаткандыгына күбө. Мөңгүдөн Адыгине суусу (Аларчанын сол куймасы) башталат.