География:ЧОҢТАШ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢТАШ КӨЛҮ — Жумгал кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан көл. Көлмө суусунун өрөөнүндө. Деңиз деңг. бийикт. 2 590 м. Уз. 8 00 м, эң жазы жери 380 м, аянты 0,23 км2, көлөмү 3,95 млн м3, эң терең жери 33 м. Көл чанагы байыркы мөңгүнүн мореналары суунун өрөөнүн бөгөп калышынан пайда болгон. Көлгө Көлмө суусу куят. Көл бөгөтү калың бадал м-н капталган байыркы зор этек моренаны элестетет. Морена жалчасынын эни 400–500 м келип, көлдүн деңгээлинен 40– 50 м көтөрүлүп жатат. Бөгөттүн сол жак капталындагы жыраң аркылуу суу агып чыгат. Көл суусу тосмонун арасынан сарыгып агат. Акыркы жылдары көлдүн деңгээли бөксөрүүдө.