География:ЧОКОНУН КӨЛҮ
ЧОКОНУН КӨЛҮ, А к к ө л Тескей Алатоонун түн. капталындагы Жууку суусунун башында жайгашкан. Жууку көлүнөн 600 м чыгыш тарапта. Деңиз деңг. 3 755 м бийиктикте, Жууку ашуусуна жакын жатат. Уз. 3,2 км, эң жазы жери 430 м. Аянты 0,84 км2. Эң терең жери 10,6 м. Суусунун көлөмү 2,75 млн м3. Түсү чаңгыл жашыл, тунуктугу 1,7 м. Жээк тектирлеринен улам мурда көл чанагы дээрлик чоң аянтты ээлегендиги даана байкалат. Азыркы мезгилде өтө кичирейген. Көл мөңгүнүн жылышынан пайда болгон. Трансгрессия мезгилинде көл жаткан тепши сымал өрөөндү мөңгү ээлеп жаткан.