География:БУРКАН КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРКАН КӨЛҮ — Ички Теңиртоодогу көл. Тескей Алатоонун түш. капталында (Арабел сыртында), Кичи Нарындын башаты – Буркан суунун башында жайгашкан. Деңиз деңг. 3 822 м бийикте батыштан чыгышка карай созулган чакан ойдуңду ээлеп жатат. Уз. 1,5 км, эң жазы жери 0,55 км. Аянты 0,493 км2, суусунун көлөмү 1,671 млн м3. Эң терең жери 10 м. Көл кар ж-а булак суулары м-н толукталып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деңгээли 1,5 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунуктугу 3 м. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.