География:БАШКУУГАНДЫ
БАШКУУГАНДЫ — Ички Теңиртоодогу тоо көлү, аты окшош суунун (Жумгал суусунун оң куймасы) алабында, Жумгал кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан. Деңиз деңг. 2 860 м бийиктиктеги тепши сымал өрөөндүн таманын ээлеп жатат. Аянты 0,264 км2, суусунун көлөмү 1,72 млн м3, эң терең жери 22 м. Көл өрөөн аркылуу аккан Көл суусунун бөгөлүшүнөн пайда болгон. Көлдөн суу түз агып чыкпастан, бөгөттөн асты м-н сарыгып чыгат. Деңгээли 4–5 мге чейин өзгөрөт. Саргыч-жашыл түстө; тунуктугу 3,5 м. Көлдө балык бар. Сугат мезгилинде көлдүн суусу Башкууганды суусуна сордурулуп алынат.