География:БАЛТЫРБЕШИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТЫРБЕШИК — Борб. Теңиртоодогу тоо көлү. Акшыйрак ж-а Борколдой кырка тоолорунун аралыгындагы жайык өрөөндө жайгашкан. Деңиз деңг. 3 700 м бийиктикте. Уз. 7 00 м, туурасы 200–220 м. Аянты 0,12 км2дей, тереңд. 4 мге чейин. Көлдүн түш.-чыгыш учунан чакан өзөн агып чыгып, Чолоккапчыгай суусуна (Акшыйрак суусунун алабы) сол тарабынан куят. Көл өрөөнүнүн төрүндө морена жатат. Түбүндө илээшкек бозомтук баткак бар. Көлдүн 2,8 м тереңдиктеги темп-расы 9,8°С, бетиники 10,5°; 40 м тереңдиктегиси 10,5°С, үстүнкү бетинде 10,6°С (июнда). Кышында тоңот. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.