География:ЧЫЧКАН
ЧЫЧКАН – Талас Алатоосунун түш. капталындагы Түз ашуусу чендеги майда булактардан башталган суу, башы Туюктөр аталат. Жогорку агымында жайык, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгүндө кууш өрөөн аркылуу агып, Токтогул суу с-на куят. Уз. 78 км, алабынын аянты 1290 км2. Чычкан өрөөнү токойлуу келип, Кырг-ндагы кооз жерлердин бири. Өрөөнүндө гидрометеорологиялык ж-а көчкүнү изилдөөчү станциялар болгон. Жылдык орт. чыгымы 19 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда (72,7 м3/сек), азы мартта (0,80 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Итагар, Арым (оң), Балачычкан, Терисай (сол). Сугатка пайдаланылат. Чатына жакын Токтогул шаарчасы жайгашкан.