География:ЧОҢ КЕМИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ КЕМИН – Түн. Теңиртоодогу суу, Чүй д-нын оң куймасы. Кемин р-нун аймагында. Күнгөй ж-а Иле Алатоолору кошулган жериндеги мөңгүлөрдөн башталып, кууш Ч. К. өрөөнү аркылуу кеңдик багытта агат. Уз. 116 км, алабынын аянты 1890 км2. Ири куймалары: Калмаксуу, Ортокайыңды, Дөрө, Кашкасуу, Койсуу (сол), Тегирменти, Жашылкөл, Ичкесуу, Жаңырык, Бузулгансай, Каскелең, Коколуубулак, Алматы, Туюкалматы, Талгар ж. б. Жылдык орт. чыгымы чатында 21,7 м3/сек, эң көбү 83,7 м3/сек, эң азы 7,18 м3/сек. Апрелде кирип, октябрда тартылат. Кышкысын тоңот. Алабында 8 көл (жалпы аянты 0,54 км2) бар. Ирилери: Көлтөр, Челек, Жашылкөл. Сугатка пайдаланылат Жээгинде Кароолдөбө, Кызылбайрак, Шабдан, Кайыңды, Тегирменти, Калмакашуу, Тарсуу кыш. жайгашкан.