География:ЧОҢ КАЙЫҢДЫ
ЧОҢ КАЙЫҢДЫ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталынан башталган суу. Чүй д-нын сол куймасы. Космонавттар (аянты 2,9 км2) ж-а Туюктөр (3,0 км2) мөңгүлөрүнөн башталат. Уз. 30 км, алабынын аянты 167 км2. Көп жылдык орт. чыгымы (аты уйкаш капчыгайдын оозунда) 1,8 м3/сек, эң көп чыгымы 24,6 м3/сек (1945), эң азы 0,26 м3/сек (1938). Чүй д-на жетпей сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Капталарык, Кайыңды кыш. жайгашкан.