География:ЧОҢ КАЗЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ КАЗЫК – Каракулжа р-ндагы суу, Тар суусунун сол куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 342,5 км2. Кызылагын ашуусундагы булактардан башталып, түндүктү карай агат. Башкы агымында Домбра деп аталат. Жылдык орт. чыгымы 3,61 м3/сек, эң көп чыгымы июнда (9,87 м3/сек), азы февралда (0,35–0,40 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат.