География:ЧАНДАЛАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАНДАЛАШ, С а н д а л а ш – Чаткал суусунун оң куймасы. Уз. 94 км, алабынын аянты 1157 км2. Талас Алатоосунун түш. капталындагы көлдөн башталат. Башкы агымында «Чакмак» деген ат м-н түштүккө, андан кийин түш.-батышка карай агат. Ири куймалары: Каражаңырык, Эшекөлдү, Тегирменсай, Чоң Сандык, Кайыңсуу ж. б. Жылдык орт. чыгымы чатында 11,7 м3/сек; эң көп чыгымы июнда (30,1 м3/сек), азы мартта (2,8–2,9 м3/сек). Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Жээгинде Коргондөбө кыш. жайгашкан.