География:ТУЮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТУЮК – Ысыката суусунун оң куймасы. Уз. 30 км, алабынын аянты 190 км2. Суу Кыргыз Алатоосундагы Туюк ашуусунун сол тарабындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агат. Алабынын деңиз деңг. бийикт. 3200 м. 16га жакын чакан куймасы бар; эң ириси – Көкмойнок (21 км), ал мөңгүдөн башталып, Жашылкөл, Аккөл, Каракөл, Көкмойнок көлдөрү аркылуу агып өтөт. Куралуу облусуна кирет. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы январь – февралда байкалат. Өрөөнү жайыт. Сугатка пайдаланылат.