География:ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРЕК – Ички Теңиртоодогу суу, Нарындын сол куймасы. Акталаа р-нун аймагында. Жамантоонун түн. капталынан агып түшөт. Уз. 67 км, алабынын аянты 826 км2. Т-тин 27 куймасы бар. Кар ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Кээде кышында соолуп да калат. Алтай дарыяларынын тобуна кирет. Жылдык орт. чыгымы 0,8 м3/сек, модулу 1 л/сек • км2. Чыгымы көп жылдар б-ча ж-а жыл ичинде да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат. Боюнда Терек, Баетов, Үгүт кыш. жайгашкан.