География:ТЕКЕЛИК
ТЕКЕЛИК – суу, Аксайдын оң куймасы. Уз. 50 км, алабынын аянты 213 км2. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы Орказган ашуусунан башталган суу, түндүккө карай жайык өрөөн м-н Аксай өрөөнүнө чыкканда суусу жерге сиңип, жер асты м-н Аксайга кошулат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 1,1–1,3 м3/сек; эң көп чыгымы июль – августта, азы февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Т-тин 21 куймасы бар; ирилери: Туураашуу, Ортосуу.