География:ТАЙГАККЕЧҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАЙГАККЕЧҮҮ – Чүй д-нын ортоңку агымындагы белгилүү кечүү. Кемин р-нун аймагындагы, Тайгакташтан төмөн, Желаргы өрөөнүнүн тушундагы суунун жайылып аккан тайыз жери. Тайгаккөпүрө салынганга чейин Чүйдүн бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө өтүү үчүн ыңгайлуу өткөөл болгон. 1856-ж. П. П. Семёнов баштаган орус отряды дарыяны ушул жерден кечип өткөндүгү божомолдонот.