География:СУУСАМЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СУУСАМЫР (суу ж-а түркчө самыр – кундуз, суу кундуз) – Ички Теңиртоодогу суу. Уз. 90 км, алабынын аянты 2410 км2. Т алас Алатоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун кошулушундагы Алабел ашуусунан башталып, Суусамыр өрөөнү м-н чыгышты карай агат. Жээктери жайык, саздуу, айрым жерлеринде салааларга бөлүнүп, жайылмасынын туурасы бир нече кмге жетет. Төмөнкү агымынын жээктери бадал-токойлуу. Батыш Каракол м-н кошулуп, Көкөмерен суусун түзөт. Негизги куймалары: Өтмөк, Корумду, Чарыя (сол), Батыш ж-а Чыгыш Арамза, Чоң Үчемчек (оң). Кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 39,3 м3/сек. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Айрым куймалары сугатка пайдаланылат. Жээгинде Суусамыр кыш. жайгашкан.