География:САРИЙМЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРИЙМЕК — Атбашы р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Терек суусунун (Какшаалдын алабы) сол куймасы. Уз. 47 км, алабынын аянты 125 км2. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталынан башталып, кууш өрөөн аркылуу түндүккө, 15 кмден кийин түн.-чыгышка агат. Ортоңку агымынан төмөнүрөөк (30 км аралыкта) жерге сиңип кетет да, 3–5 кмден кийин кайра чыгат. Кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 1,23 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат.