География:ПАЧАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПАЧАТА – Аксы р-нундагы суу. Сырдарыянын оң куймасы. Уз. 130 км, алабынын аянты 443 км2. Чаткал кырка тоосунун түн. капталынан (Чанач ашуусуна жакын) башталат. Башкы агымында Кийиксай аталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Нанай кыш-нан кенен Карабала өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымында Үңкүрдөбө тоосун кесип өтүп, салааларга бөлүнөт. Заркен кыш-нан Намангансай аталып, Сырдарыяга оң жактан куят. Жылдык орт. чыгымы 6,12 м3/сек. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Кашкасуу, Эскабат, Бешкаран, Жаңыкоргон, Зоркен ж. б. кыш. жайгашкан.