География:МУЗТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗТӨР — Атбашы р-нундагы суу, Жаманты суусунун сол куймасы (Алабуганын башы). Уз. 46 км, алабынын аянты 153 км2. Торугарт кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, тар өрөөн м-н агат; ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгүнүн нугу кенен тартып, Жаманты суусуна куят. Жылдык орт. чыгымы 0,2– 0,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы ноябрь – декабрда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат.