География:КӨӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨЛҮ — Борб. Теңиртоодогу суу, Сарыжаздын оң куймасы. Аксуу р-нун ай м а г ы н д а. Уз. 51 км, аянты 844 км2 . Т е с кей Ала тоо нун түш. капталынан башталган Көлтөр ж-а Көөлү кырка тоосунун түн. капталынан башталган Каратөр сууларынын кошулушунан түзүлөт. Негизинен мөңгү (49%), кар (21%) ж-а булак (30%) сууларынан куралат. 16 к уймасы бар. Ирилери: Моло, Шаркыратма, Сарычат, Караколтөр, Ашуутөр, Каратөр, Бордутөр, Оройсуу, Чоң Киндик, Сарыбулак. Алабында жалпы аянты 216,2 км2 келген 150 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 13,5 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.