География:КОЖАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖАТА – Аксы р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Карасуунун оң куймасы. Уз. 18 км, алабынын аянты 280 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу агат да, Сарычелекке куят; андан агып чыккан суу Тоскоол деп аталат. Өрөөнүнүн ландшафты өтө кооз, корук. Алабы деңиз деңг. 2000 м бийиктикте жатат. Жылдык орт. чыгымы 4,96 м3/сек. Эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кызылтуу, Аркыт кыш. жайгашкан.