География:КИШЕМИШ
КИШЕМИШ – Түркстан кырка тоосунан башталган суу, Исфаранын оң курамы. Уз. 36 км, суу чогултуучу аймагы 524 км2. Түркстан кырка тоосунун чыгыш учундагы мөңгүлөрдөн башталат. Мөңгү, кар сууларынан куралат. Май-октябрь айларында суусу кирет. Көп жылдык орт. чыгымы 3,19 м3/сек.