География:КИЧИ АКСУУ
КИЧИ АКСУУ – Ысыккөлгө куйган суу. Уз. 34 км, алабынын аянты 192 км2. Күнгөй Алатоонун түш. капталынан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Алабы карагайлуу. Ири куймалары: Желекарагай, Сүттүүбулак. Алабында 3 көл бар. Негизинен мөңгү, кар ж-а булактан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,97 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 31 м3/сек, эң азы 0,22 м3/сек. Апрелде кире баштап, ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Семёновка, Кожояр кыш. жайгашкан.