География:КАШКАСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАСУУ – Акталаа р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Арпанын оң куймасы. Арпанын Алатоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 33 км, алабынын аянты 243 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3350 м. 12 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 3,0 м3/сек. Эң көбү июль – августта, эң азы январда байкалат. Мөңгү, кар ж-а жамгыр сууларынан куралат.