География:КАРАКУЛЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКУЛЖА – Карадарыянын оң куймасы. Уз. 104 км, алабынын аянты 1200 км2. Фергана тоо тизмеги м-н Үчсейит тоосунун кошулушунан башталып, Фергана ж -а Тасыра кса й тоолорунун аралы гы м-н агат. Ири куймалары: Шоорукжылг а, Үчсейит, Сурташ, Токсонкемпир, Көкжаңгак (оң), Качуркөл, Кашкасуу, Талдысуу, Бешмойнок (сол) ж. б. Жылдык орт. чыгымы 21,3 м/сек. Апрель – сентябрь айларында кирип, октябрь – март айларында тартылат. Ар бир чарчы км аянтынан агып чыккан суунун модулу Кырг-ндын аймагы б-ча эң көп (22 л/сек • км2). Аты суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып каралжын тартып, ылайланып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Каракулжа кыш. жайгашкан.