География:КАРАКОРУМ
КАРАКОРУМ – Чаткал р-ну аркылуу аккан суу, Чаткалдын оң куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 125 км2. Пскем кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан агып түшөт. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2850 м. 7 куймасы бар, ириси Чолокжартысуу. Кар, жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,5 м3/сек. Эң көбү майда, азы январда байкалат. Боюнда Мусабек кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.