География:КАРАКОЛ
КАРАКОЛ, Б а ты ш К а р а к о л – Ички Теңиртоодогу суу, Көкөмерендин сол куймасы. Уз. 89 км, алабынын аянты 1230 км2. Кыргыз Алатоосу м-н Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, анча кууш эмес өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Туюкаларча, Сөөк, Ашууаларча, Шилисуу, Сокулук, Чаарташ ж. б. Майда куймалары көп. Жылдык орт. чыгымы 19,7 м3/сек; эң көбү 56,9 м3/сек, эң азы 7,03 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Боюнан Кожомкул атындагы кыш. орун алган.