География:КАРАГАЙЫҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАЙЫҢ, Д ө д ө м ө л – Тогузторо р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Уз. 30 км, алабынын аянты 112 км2. Молдотоонун түн. капталынан башталат. Башталышында Чамынды аталып түштүктү, Дөдөмөл тоосунан өткөндөн кийин түш.-батышты карай агат. Башталышы ж-а төмөнкү агымы капчыгайлуу; ортоңку агымынын өрөөнү кенен. Жылдык орт. чыгымы 0,7–1,2 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Май – сентябрда кирип, октябрь – апрелде тартылат. Негизинен кар, булак ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Өрөөнүндө Дөдөмөл кыш. бар. Сугатка пайдаланылат.