География:КАКШААЛ
КАКШААЛ – Кыргызстан м-н Кытайдын аймактары аркылуу аккан дарыя. Жогорку агымында Аксай аталып, Көккыя ж-а Мүдүрүм суулары кошулгандан кийин К. деп аталат. Аксай–Атбашы кырка тоосунун түш. капталынан, Көккыя – Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. (Көккыя м-н Аксайдын кошулушунан Кыргызстандын чегарасына чейин) 19 км. Жалпы уз. 345 км. Алабынын аянты 8270 км2. К. Аксуу м-н кошулуп, Тарим д-н түзөт. Аксай суусу Чатырташка чейин кенен өрөөн м-н жайылып, андан ары кууштай баштап, Көккыя кошулгандан кийин кууш, терең капчыгай аркылуу агат. Жылдык орт. чыгымы 71 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы декабрь – январда байкалат. Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Мүдүрүм, уз. 98 км (сол); Көккыя 83 км, Терек 55 км (оң). Сугатка пайдаланылат (Кытайда). Жээгинде Чатырташ, Сыңаржар, Акталаа, Үчтурпан, Сургун, Акжар ж. б. кыш. жайгашкан. К-дын алабын эзелтен кыргыздар мекендейт.