География:КАБАСАЙ
КАБАСАЙ – Базаркоргон р-нундагы суу, Карүңкүрдүн оң куймасы. Уз. 26 км, алабынын аянты 137 км2, алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1800 м. Бабашата тоосунун түш.-батыш капталынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Караүңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасыкбулак, Кыргызкаба ж. б. кыш. жайгашкан.