География:ЗЫНДАНСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАНСУУ – Өзгөн р-нундагы суу, Жазынын оң куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 247 км2. Фергана тоо тизмегинин түш. капталынан башталып, капчыгай аркылуу агат. Тоодон чыкканда өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнөт. Алабында көптөгөн булактар ж-а жер көчкүлөр бар. Жылдык орт. чыгымы 2,61 м3/сек. Апрелде кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат.