География:ЖОШОЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОШОЛУ – Алай р-нундагы суу, Куршабдын оң куймасы. Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 40 км, алабынын аянты 285 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м. Мөңгү (аянты 1,9 км2 ) бар. Алабы куралуу облусуна кирет. Ж-нун 16 куймасы бар; ирилери: Артөбө, Кызылбулак (оң), Кулмамбет, Бекпута (сол). Жылдык орт. чыгымы 2,20 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Гүлчө, Өрүктү, Миязды, Ортосуу ж. б. кыштактары бар.