География:ЖАРДЫКАЙЫҢДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРДЫКАЙЫҢДЫ – Москва р-нун аймагы аркылуу аккан суу. Чүй д-нын алабына кирет. Уз. 31 км, алабынын аянты 191 км2. Кыргыз Алатоосунун ортоңку бөлүгүнүн түн. беттериндеги мөңгүлөрдөн башталып, Ортоарык кыш-нан 3 км тү штү ктөн а гым ы үз үлөт. Ала бын ын деңиз деңг. орт. бийикт. 3000 м. Жалпы уз. 72 км келген 28 куймасы бар. Алабынан жалпы аянты 4 км2дей майда мөңгүлөр, 0,14 км2 болгон 6 көл орун алган. Май – сентябрда ташкындап, октябрь – апрелде тартылып агат. Көп жылдык орт. чыгымы 1,64 м3/сек. Июль айында суусу мол болот, орт. чыгымы 4,30 м3/сек. Айрым жылдары кыш айларында соолуп калат. Сугатка пайдаланылат. Ж-дан 10 м3/секга жакын суу өткөрүүчү Каптал, Кумарык, Сай каналдары башталат. Өрөөнүндө Капталарык, Ортоарык, Күрпүлдөк ж. б. кыш. жайгашкан.