География:АТАШЧАПКАН
АТАШЧАПКАН – Карабуура р-нундагы суу, Күркүрөөнүн сол куймасы. Уз. 35 км, алабынын аянты 288 км2. Талас Алатоосунун түн. капталынан башталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500 м. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агып, Талас өрөөнүнүн түзөңүнө чыкканда нугу кеңейип тайыздайт. Ири куймалары: Арабөк (16 км), Акташ. Жылдык орт. чыгымы 1,78 м3/сек. Май айында кирип, октябрда тартылат.