География:АРЧАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ – Ички Теңиртоодогу суу, Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Нарын р-нун аймагында. Уз. 47 км, алабынын аянты 376 км2. Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы аты окшош мөңгүдөн агып чыгып, кууш капчыгай аркылуу шар агат. 15тен ашык куймасы бар. Ирилери: Төлөк, Күрмөнтү, Кызылкиндик, Шортөр, Эгизтөр, Каратөр (сол), Борду, Туюккызылсуу, Өрттөнгөнтөр, Тоюн (оң). Алабында жалпы аянты 57,2 км2 келген 56 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 4,1 м3/сек, Майиюнда кирип, сентябрда тартыла баштайт.