География:АРАБЕЛСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБЕЛСУУ – Ички Теңиртоодогу суу, Жаакташ (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы) оң курамы. Уз. 61 км, алабынын аянты 750 км2. Тескей Алатоонун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, батыштан чыгышка Арабел өрөөнү (сырт) аркылуу агат. Куймалары: Майтөр, Эгизтөр, Сөөк, Кашкасуу, Чоң Төр, Иттиш. Июнь айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,75 м3/сек.