География:ЧЫЧКАН МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫЧКАН МРАМОР КЕНИ, А р ы м к е н и – Жалалабат облусунун Токтогул р-нундагы кооз мрамор ташы жаткан жер. Токтогул шаарчасынан 25–30 км түш. тарапта, Суусамыр кырка тоосунун түш. капталындагы Чычкан суусунун өйүзбүйүзүндө (ага Арым суусу кошулган жерде) жайгашкан. Арым I ж-а Арым II участкаларынан турат. 1969-жылдан белгилүү. Кен аймагын рифейдин аягында пайда болгон мрамор, доломит, акиташ тектери түзөт. Пайдалуу мрамор катмары каледон мезгилинде жиреп чыккан граниттин тийгизген таасиринен пайда болгон. Мрамор майда ж-а орто кристаллдуу. Өңү ак, боз, көгүш жашыл-боз. Арасындагы саргыч, күрөң-кызыл ж-а сары жол-жол темгилдер (калыңдыгы 2–3 смге чейин) өзүнчө кооздукту берет. Жалпы калыңдыгы 30 мге, уз. ондогон кмге чейин жетет. Мрамор өтө кооз, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 34%; 1 м3 таштан 14,58 м2 такта (калыңдыгы 1 см) алууга болот. Кендин мрамор ташы өтө кооз буюмдарды жасоого ж-а имараттарды кооздоп каптоого жарактуу. Бишкек ш-ндагы көп имараттарга Чычкандын мрамору пайдаланылган. Запасы Арым I участкасында А категориясы б-ча 258,5 миң м3, В– 156,8 миң м3, С1–118,5 миң м3, С2–888,8 миң м3.