География:ЧАҢГЫРТАШ ГИПС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАҢГЫРТАШ ГИПС КЕНИ Жалалабат облусунун Сузак р-нунда. Чаңгырташ кыш-нан 1,5 км батыш тарапта, Карадарыянын оң өйүзүндө жайгашкан. 1931-ж. табылган. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон доломиттешкен акиташ теги, чопо, мергель, кумдук тоотектери түзөт. Пайдалуу гипс катмарынын калыңдыгы 30 м, уз. 3 кмге жетет. Катмардагы гипс 98%; ак түстө, майда бүртүкчөлүү, оңой сайкалданат. Биринчи сорттогу гипс ташын алууга жарактуу. Запасы А+В+С1 категориялары б-ча 513 миң т.